Кыргызстандан Россияга жүргүнчүлөрдү темир жол аркылуу ташуу качан жандандырылат?

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 63

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги макулдашуулардын бири катары 2022-жылдын 21-февралынан тартып Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тараптын макулдугу болгон.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу жөнүндө  россия тараптын макулдугун алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

«Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу Россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болорун белгилейбиз»,- деп жазылат маалыматта.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X