“Кыргызстанды Кытай басып кетти” деген сөздөр канчалык негиздүү?

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 423

Акыркы айларда социалдык тармактарда “Кыргызстанды кытайлар басып кетти”, “кытайлар жерди алып жатат”, “өлкөдө кытай жарандары өтө көбөйүп кетти” деген өңдүү билдирүүлөр кеңири талкууга түшүп, коомчулукта түрдүү суроолорду жаратты. Айрым жарандар Кытай жарандарынын өлкөгө келүү максаты, алардын саны, кайсы тармактарда иштеп жатканы жана долбоорлор аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетер-кетпеси тууралуу бийликтен ачык маалымат берүүнү талап кылышты. Бул маселеге байланыштуу Президент

Садыр Жапаров кеңири түшүндүрмө берип, Кыргызстанга келген Кытай жарандарынын негизги бөлүгү туристтер жана ири инвестициялык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлордо иштеген убактылуу адистер экенин белгиледи. Президенттин айтымында, мындай адистер белгилүү бир долбоордун алкагында гана эмгектенип, иштер аяктагандан кийин өз өлкөлөрүнө кайтып кетишет. Мунун мисалы катары Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод айтылып, курулуш маалында жүздөгөн кытайлык адистер эмгектенген болсо, долбоор бүткөндөн кийин алардын дээрлик баары өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал жерде жергиликтүү кадрларды окутуп жаткан саналуу гана инженерлер иштеп жатканы айтылды. Ушундай эле  көрүнүш мурда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунда да болгон.

Акыркы жылдары Кыргызстанга келген кытайлык туристтердин саны да кескин өскөн. Расмий маалымат боюнча, соңку бир жарым жыл ичинде өлкөгө 370 миңден ашуун Кытай жараны турист катары келип, мейманканаларда жайгашып, коомдук тамактануу жайларынан пайдаланып, транспорт, соода жана тейлөө кызматтарына каражат сарпташкан. Бул өз кезегинде чакан жана орто бизнес үчүн кошумча киреше алып келген фактор катары бааланууда. Экономикалык жагынан алганда, Кытай бүгүн Кыргызстан үчүн эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелет. Эң жакын коңшубуз дагы. Бизде алыс аймакка чыгуучу соода жолу болгон океан жок. Түшүнгөнгө Кытай биз үчүн соода жолу. Темир жол, жол куруу, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, логистика жана өндүрүш тармактарындагы көптөгөн долбоорлор дал ушул өлкөнүн капиталынын катышуусунда ишке ашууда. Мындай инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга шарт түзүп жатат. Бирок, экономикалык кызматташтык күчөгөн сайын, коомдо коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануулар да күчөп жатканы жашыруун эмес. Ал дагы керек. Болгону орду менен. Басып кеткидей, ээлеп алгыдай Кыргызстан кубаты жок, кунарсыз өлкө эмес.

Президенттин айтымында, чет өлкөлүк жарандардын ар бири мамлекеттик каттоодо турат. Алар иш визасынын мөөнөтү, эмгек уруксаты жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча туруктуу көзөмөлдөнөт. Акыркы айларда эле мыйзам бузган 3 миңге жакын чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылганы, дагы жүзгө жакыны депортацияланары айтылды. Бул мыйзам бардык чет элдиктерге улутуна карабай бирдей колдонуларын көрсөтөт. “Кыргызстанды Кытай басып кетти” деген билдирүүлөр бүгүнкү күндө көбүнчө эмоцияга негизделген пикирлер катары көрүнөт. Албетте, коомдун коопсуздукка байланышкан суроолору мыйзам ченемдүү. Бирок, бул суроолор так маалымат жана расмий статистика менен жообу алынганда гана ар кандай божомолдор менен ушак-айыңдардын саны азаят.

Кыргызстан үчүн Кытай коңшу мамлекет катары экономикага олуттуу инвестиция алып келген негизги өнөктөштөрдүн бири. Ошол эле учурда мамлекеттин милдети инвестиция тартуу менен катар улуттук кызыкчылыкты, мыйзамдын үстөмдүгүн жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу. Учурда бардык иштер мыйзамдын алкагында алып барылып жатканы түшүнүктүү болду.  Демек, бул темада эмоция эмес, ачык маалымат, мыйзамдын так аткарылышы жана коом менен бийликтин үзгүлтүксүз диалогу ар дайым түрдүү ойлордон алыс калат.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X