Кыргызстандык ишкерлер Канадада

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Кыргызстандын бизнес-делегациясы Канадада өтүп жаткан «Канада – Борбор Азия 2026» бизнес жана инвестициялык форумуна катышууда.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров жетектеген делегация эки күндүк иш-чаранын алкагында эл аралык ишкерлер жана инвесторлор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо.

Форумга Канада, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 300гө жакын ишкер, инвестор, соода-өнөр жай палаталарынын жана инвестициялык комитеттердин өкүлдөрү чогулду.

Иш-чаранын негизги темалары стратегиялык минералдык ресурстар, агротехнологиялар, жасалма интеллект, логистика жана чек ара аралык соода болуп саналат.

Форум кыргызстандык ишкерлерге канадалык өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө, инвестиция тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жаңы рынокторго чыгууга шарт түзөт.Возможно, это изображение стол, толпа и текст

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы ата мекендик бизнестин эл аралык байланыштарын кеңейтүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү багытындагы иштерин улантууда.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X