Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкенттен 3 алтын, 1 күмүш алышты

28-март, 2022-ж. / Редакция / Спорт 30

Ташкенттеги эл аралык марафондо кыргызстандан барган жөө күлүктөр 3 алтын, 1 күмүш байге жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-мартта Ташкентте жеңил атлетика боюнча эл аралык Ташкент-2022 ШОС марафону өткөрүлгөн.

Марафондо (42 чакырым 195 метр) аралыгында эркектер арасында Илья Тяпкин 2 саат 21 мүнөт 39 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль жеңди.

Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гүлшаной Сатарова (2 саат 34 мүнөт 50 секунд) 1-орунду ээледи.

Жарым марафон (21 чакырым 97 метр) аралыгында эркектер арасында Нурсултан Кенешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен алтын медалдын ээси болду.

Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынды.

Жарым марафон аралыгында ошондой эле Айтпай уулу Бердигул 4-орунду ээледи.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Спорт 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X