Кыргызстандын бала бакча тажрыйбасы Бангкокту кызыктырды

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 100

Кыргызстандын балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы тажрыйбасы Бангкок шаарында өткөн эл аралык сессияда тааныштырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Азия-Тынч океан чөлкөмүндө балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды өнүктүрүү» аттуу сессияда сөз сүйлөп, өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу айтып берди.

Анын белгилешинче, Кыргызстанда балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашты. Ошондой эле кыска мөөнөттүү жана үй-бүлөлүк бала бакчаларды өнүктүрүү, алыскы аймактардагы балдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана инклюзивдүү шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Министр педагогдорду даярдоо, санариптик чечимдерди киргизүү, ата-энелерди колдоо жана жеке секторду мектепке чейинки билим берүү системасына тартуу тажрыйбасы менен да бөлүштү.

Сессияда Кыргызстандын, Кук аралдарынын, Филиппиндин жана Вануатунун өкүлдөрү балдарды багуу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана адистерди даярдоо боюнча тажрыйбаларын сунушташты.

12-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X