Кыргызстандын экономикалык өсүштөрү  

16-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 62

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына саресеп сала турган болсок, Кыргызстандын экономикасы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жогорку өсүш темпин көрсөткөн. Ал жердеги маалыматтардын алдын ала баалоосуна ылайык, январь–июнь айларында ички дүң продукт (ИДП) 960 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га өскөн.

Эми алардын кайсыл тармактарда кандай өсүштүк көрсөткүчтөр менен толукталгандыгына баам салып көрөлү. Экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы товар өндүрүүчү тармактар болуп саналат. Алардын көлөмү 22,8%га көбөйүп, ИДПдагы үлүшү 29,7%дан 33,9%га жеткен. Айрыкча курулуш тармагындагы 69,6%дык өсүш баарынан мурда көңүл бурууга арзыйт. Курулуштун экономикадагы үлүшү 6%дан 8,5%га чейин жогорулады. Өнөр жай да 12,8%га өсүп, анын ИДПдагы үлүшү 20,5%ды түздү. Мында кайра иштетүү өндүрүшүнүн үлүшү 15,7%га чейин көбөйүшү экономиканын өндүрүштүк потенциалы кеңейип жатканын билдирет.

Кызмат көрсөтүү тармактарында дагы өсүштөр дээрлик байкалып, бирок алардын жалпы экономикадагы үлүшү 54,5%дан 50,1%га төмөндөдү. Дүң жана чекене соода 8,5%, мейманкана жана ресторандар 10,5%, маалымат жана байланыш тармагы 6,3%га өскөн. Ал эми айыл чарбасынын өсүшү 4,3%ды түзгөнү менен анын ИДПдагы үлүшү 5,4%дан 4,9%га кыскарган.

Экономикадагы мындай динамика инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен да коштолууда. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү январь–июнь айларында өткөн жылга салыштырмалуу 64,3%га өскөн. Бул каражаттардын бир бөлүгү жаңы өндүрүштөрдү, инфраструктураны жана курулуш долбоорлорун кеңейтүүгө багытталып жатканы экономиканын келечектеги өсүшү үчүн маанилүү экенин айта кеткенибиз туура болоор.

Ошол эле учурда өсүштүн сапаты жана туруктуулугу боюнча да суроолор бар. Январь–май айларында товарлардын тышкы соодасында экспорт 9,3%га төмөндөп, импорт 2,8%га өскөн. Бул ички экономикалык активдүүлүк жогору болгону менен өндүрүштүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дагы деле маанилүү экенин көрсөтөт.

Жалпысынан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы Кыргызстандын экономикасында олуттуу өсүштөр менен бирге

структуралык өзгөрүүлөр да жүрүп жатканын көрсөттү. Курулуш, өнөр жай жана инвестициялардын жогорку темпте өсүшү экономиканын реалдуу секторунун ролун күчөтүүдө. Эми негизги милдет – өсүштү туруктуу өндүрүшкө, жаңы жумуш орундарга, экспорттун көбөйүшүнө жана калктын реалдуу кирешелеринин өсүшүнө айландыруу. Ошондо 11,9%дык өсүш убактылуу көрсөткүч эмес, экономиканын жаңы сапаттагы өнүгүүсүнүн негизине айланат.

Күнболот Момоконов

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X