Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Япониянын спортчулары менен беттешет

Беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча 16.45те башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Түз эфирди жергиликтүү КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Оюн Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда өтөт. Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X