Кыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өсүп, 1,64 трлн сомго жетти

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2026-жылдын январь–сентябрь айларында 1 трлн 640,9 млрд сомду түздү. Өлкөнүн экономикасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8% өскөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таянып билдирди.

Экономиканын өсүшүнө эң чоң салымды курулуш тармагы кошту. Бул тармактагы көлөм 62,2% көбөйгөн. Өнөр жай өндүрүшү болжол менен 7%, айыл чарбасы 6,5%, кызмат көрсөтүү тармагы 6%дан ашык өскөн.

ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүү тармагы 48,7% менен эң чоң үлүштү ээлеген. Өнөр жайдын үлүшү 18,5%, курулуштуку 9,1%, айыл чарбасыныкы 8,4% болгон.

Тогуз айда өнөр жай ишканалары 685,4 млрд сомдук продукция өндүрүшкөн. Анын ичинде химиялык продукцияны өндүрүү 2,3 эсеге, мунай заттарын өндүрүү 1,9 эсеге көбөйгөн. Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 39,4%, курулуш материалдарын өндүрүү 29,1% өскөн.

Ал эми негизги металлдарды өндүрүү 1,7% төмөндөгөн. Экономика министрлиги муну «Кумтөр» кенинде курамында алтыны аз кен катмарын иштетүүгө байланыштуу өндүрүш көлөмүнүн пландуу кыскарышы менен түшүндүргөн.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X