Кыргызстандын тышкы саясаты сүрөттөрдө

18-мартта Бишкектеги Улуттук тарых музейде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду. Ага элчилер, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызматтын ардагерлерин жана кызматкерлерин бул маанилүү окуя менен куттуктады. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ТИМдин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга илгерилетүү, чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын камсыз кылуу, тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү ролун белгиледи.

80 жылдык тарыхты камтыган сүрөт көргөзмөгө 300гө жакын сүрөттөр коюлган. Мында 1944-жылы Кыргыз ССРинин союздук-республикалык Тышкы иштер элдик комиссариаты түзүлгөндөн тарта азыркы Кыргызстандын дипломатиялык өнүгүүсү, этаптары чагылдырылган.

Өлкө тарыхындагы биринчи Тышкы иштер министри болуп Казы Дыкамбаев эмгектенгенсе, бул кызматты жалпы 23 адам аркалаган. Кыргызстандын азыркы 24-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бул кызматта 2022-жылдын апрелинен бери иш алып барат. Азыркы учурда чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын 40тан ашуун мекемеси бар. Учурда биздин өлкө 123 эл аралык уюмга жана бирикмеге мүчө. Учурда Кыргызстан дүйнөнүн 170 мамлекети менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, эки тараптуу кызматташтык жөнүндө миңдеген келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлган.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X