"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга 9 айда 3 млн 280,7 миң турист келди

2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп. Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга өскөн. Статкомдон белгилешкендей, 2023-жылы Кыргызстанга 2 млн 864,2 миң турист келген.

Пример HTML-страницы