Кыргызстанга климаттык адаптация үчүн 30 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстан Климаттык инвестициялык фонддордун (CIF) глобалдык ARISE инвестициялык программасына катышуучу өлкөлөрдүн катарына кирди. Программанын алкагында өлкөгө климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 30 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо каралды.

Бул тууралуу 31-БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын (COP31) алкагында Түркиянын Анталья шаарында өткөн расмий жарыялоо аземинде белгилүү болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Айбек Асанов катышты.

ARISE программасы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү жана экономиканын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатуу максатында инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган.

Кыргызстанга бөлүнгөн 30 млн долларлык жеңилдетилген каржылоо климаттык адаптация жана туруктуу өнүгүү багытындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Долбоордук өтүнмөнү даярдоо демилгесин Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу астында ишке ашырган.

Иш-чаранын алкагында Айбек Асанов CIFтин аткаруучу директору Тарие Гбадегесин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргызстандын ARISE программасына катышуусу, мындан аркы кызматташтык жана улуттук климаттык артыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн эл аралык каржылоону тартуу маселелери талкууланды.

Бул чечим Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык инвестицияларды тартуудагы маанилүү кадам болуп, өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X