"Эркин-Тоо"

Кыргызстанга январь айында тоок эти эң көп Кытайдан импорттолгон

Кыргызстанга быйыл январь айында Кытайдан алынып келген тоок этинин көлөмү былтыркыга караганда 4 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бир ай ичинде Кытайдан 1,6 тонна тоок эти алынып келип, ал жалпы импорттун жарымына жеткен. Импорттолгон тоок этинин баасы доллар менен 4,6 эсеге — 1,3 млн долларга көбөйгөн.

Кыргызстан январда тоок этин Украина, Россия, Казакстан, Литва, Финляндия, Түркия жана Беларусь мамлекетинен да сатып алган.