«Кыргызтелекомду» 100 миң сомдук зыянга учураткан жаран кармалды

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36

Каракол шаарында «Кыргызтелеком» ишканасынын кабелин уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

9-февралда  Каракол ШИИБне «Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынан билдирүү түшүп, шаардын аймагында байланыш кабелдери уурдалып жаткандыгы маалымдалган. Маалыматка ылайык, 3-февралда белгисиз адамдар узундугу 7,5 метрди түзгөн ТПП 20х2 үлгүсүндөгү кабелди Аманбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен кесип уурдап кетишкен. Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 16 жаштагы Л.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалып,  анын үйүнөн темир кескич,  жез зымдар жана кабелдер табылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү баш аягы 14 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги ачыкталган. Ал уурдалган кабелдерден жез зымдарын алып түстүү металдарды кабыл алуу жайларына өткөрүп жүргөн.

«Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл облустук филиалынын эсеби боюнча шектүү мекемеге 100 миң сомго жакын зыян келтирген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

14-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X