Кышкы олимпиада: Кайсы өлкөлөр алдыда бара жатат?

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Интерфакс маалымат агенттиги учурда Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын жалпы рейтингинде Норвегия алдыңкы орунга чыкканын билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештерде Норвегия 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Швейцария 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло менен 2-орунда, ал эми Япония 2 алтын, 2 күмүш, 3 коло менен 3-орунга жайгашкан.

Италиядагы кышкы Олимпиада оюндары 22-февралда аяктайт.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X