Кышкы Олимпиада: Камила Валиеванын канынан кызытма табылганы кабарланды

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 47

Пекин Олимпиадасында Россиянын курамасынан 15 жаштагы көркөм муз үстүндө бийлөөчү Камила Валиеванын кызытма тести күмөн жаратканы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты. Учурда Валиеванын иши боюнча териштирүүлөр уланууда.

Жыйынтык бүгүн, 10-февралда чыгат. Эгерде Камила Валиева кызытмага каршы эреженин бузулушуна күнөөлүү деп табылса, жаш курагына байланыштуу ага катуу жаза колдонулбай турганы да айтылууда.

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X