Кышкы Олимпиада: Норвегия курамасы биринчи орунда

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 34

Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Норвегия курамасы алдыда келе жатат. 16-февралда 8 топтом медаль ойнотулуп, Норвегиялыктар 2 медаль — алтын жана коло медалга ээ болду.

Кечээ, Олимпиадага Кыргызстандын атынан бир спортчу катышты. Тоо лыжачысы Максим Гордеев «слалом» боюнча мелдешке катышып, биринчи аракетинде жыгылып, марага жетпей калды.

Бүгүн көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндердин жеке жарышы өтөт. Анда допинг-тести күмөн жараткан орусиялык спортчу Камила Валиева да муз үстүнө чыгат. Азырынча эгер ал жеңишке жетишсе, медаль тагынабы же жокпу белгисиз бойдон калууда.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X