Кыргыз Республикасын Чыгыш Азия менен Европа өлкөлөрүнө чейин кулачын жайган транзиттик өлкөгө айлантып, туңгуюктан чыгаруучу “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу боюнча келишим түзүлгөнүн, курулушу башталганын билебиз. Ушул жумада аталган ири долбоор боюнча дагы бир жакшы саамалык ишке ашып, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу үчүн насыялык макулдашууга кол коюлду.
Баарыбызга маалым болгондой, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланган. Каражаттын 51%ын Кытай өлкөсү, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан бөлмөй болгон. Ошондой эле Кытай мамлекети 4 млрд 700 млн доллардын жарымын – 2 млрд 350 млн долларды үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары бермей болгон. Ал ишке ашып, жогоруда белгиленген келишим түзүлдү. 2,3 млрд доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга Кытай өлкөсү 35 жылга насыя катары берүүдө. Бул насыяны киреше түшө баштагандан тарта Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 млрд долларды буга чейин айтылгандай, үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51%ын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат.
Президент Садыр Жапаров бул боюнча учурунда так түшүндүрмө берип: “Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100% бизге калат. Бул жол биринчи кезекте башкаларга эмес, бизге керек. Туюк өлкөдөн түбөлүк чыгабыз. Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикалык пайдасы да эбегейсиз зор болот” деген.
Ушул шейшембиде “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземи болуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Макулдашууга “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытай Эл Республикасынын Банктар Синдикаты кол койду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектиги белгиленгендигин жана ал бүгүн аткарылып жаткандыгын билдирди. Үч өлкө түзгөн “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын Башкы директору Чжоу Син да сөз сүйлөп, бул Биргелешкен долбоордук компания макулдашуунун милдеттенмелерин ишенимдүү аткарып, өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу маселесин толук ишке ашыраарын билдирди.
Белгилей кетсек, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан өтө татаал долбоорлордун бири. Анткени, долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрө жана 29 туннел курулат. Бул жалпы темир жолдун 40%ы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын көрсөтөт. Кыргызстандын аймагындагы “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат. Тереңирээк айтсак, темир жолдун линиясы Торугарт ашуусунан башталып, түндүктү көздөй Арпа жана Макмал конуштары аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстандын темир жол тармагына кошулат. Ары карай Түркмөнстан жана Иран аркылуу Түркияга, Европага чейин уланат. Бул Кытайдан Түркияга болгон жолду 900 чакырымга кыскартып, жайы менен кышында башка багыттарга салыштырмалуу татаалдыгы жок жолго айланат. Негизи, бизге темир жол маршрутунун узак болгону пайдалуу болчу, ага жетиштик. Анткени, жол айылдарды көбүрөөк аралап өтсө, ошол жерде инфраструктура курулат. Темир жолду жээктей жайгашкан айылдар өнүгүп, жергиликтүү элдин социалдык абалы, жашоо-турмушу оңолот. Ошондой эле темир жол менен ташылган жүк бир топ арзан болот. Товар канчалык арзан ташылса, жүктүн көлөмү да көбөйөт.
Эң башкысы, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу менен биздин өлкө транспорттук туңгуюктан чыгат. Себеби, жаңы темир жол коридору Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагы, Иран, Перс булуңунун өлкөлөрү жана Түндүк Африкага жүк ташуунун географиясын кеңейтет. Демек, биз Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына илинип, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачылат. Тактап айтканда, миллиарддаган долларлар минутасына айланган дүйнөлүк рыноктун ичине киребиз. Бул өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берип, көкүрөгүн көтөрө баштаган инвестициялык климатыбыз жакшырат. Айтор, биз үчүн Европа менен Кытайды бириктирген кубаттуу мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүгү жаралууда. Жараткан өзү жар болуп, аталган темир жол белгиленген мөөнөттө курулуп бүтүп иштей баштаса, мамлекетке жылына бери дегенде 200 миллион доллар киреше түшө баштайт. Биринчиден, бул мамлекеттин капчыгына чоң пайда алып келсе, экинчиден, Чыгыштан тартып Европага чейинки өлкөлөргө жол ачылып, экономикабыздын кулачы кеңейет.
Кылычбек Кудайбергенов

