Кытай бийликтеринин ою боюнча бул туристтердин социалдык аралыкты сактоосуна жардам берет. Бирок, бул сызык кандай болору азырынча белгисиз. Кытайлык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазгандарына караганда, чокудагы чек араны тибеттик альпинизм боюнча гиддер курушат. Кытайлык альпинисттерге ажырым сызыктан өтүүгө жана непалдык тараптагы кесиптештери менен сүйлөшүүгө тыюу салынат.
Кошумчаласак, Кытай менен Непал 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Эверест чокусуна чыгууну токтотуп, бул тыюу быйыл жазда гана алынган. Учурда Непал чет өлкөлүк 408 туристке чокуга чыгууга, Кытайда жергиликтүү 38 жаранга уруксат берилген.