"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясы курулат

Энергетика министрлигинде Министрлер кабинети, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» ЖЧКсынын ортосунда күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду.

Келишим Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Өрүк айылында курула турган күн электр станциясынын долбоорун ишке ашырууну тактап, анын негизги шарттарын жаңыртууга багытталган.

Маалыматка ылайык, документте тараптардын жоопкерчилиги, туруктуулук кепилдиги, тобокелдиктерди жөнгө салуу тартиби жана колдонулуучу укуктук негиздер кайра каралып, такталып чыкты. Кошумча макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди.

Бул кадамдын аймакта күн энергетикасын өнүктүрүүгө жол ачары белгиленди.