“Кызыл китеп” жаңыланат, жаратылыш тармагында санариптик системалар өнүгөт

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 162

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен “Кызыл китепти” жаңылоо иштерин жүргүзүү боюнча кызматташуу келишимине кол койду.

Документтин алкагында Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш объектилерин илимий негизде кайрадан баалоо иштерин биргелешип жүргүзүү каралган.

Мындан тышкары, министрлик менен “Түндүк” ААК тармакты санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаратылыш ресурстарын башкаруу процесстеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол коюшту.Возможно, это изображение помост и текст

Кызматташтыктын алкагында төмөнкү маалыматтык системаларды ишке киргизүү пландалууда:

– “Мергенчи” АИС

– “Жашыл Мурас” АИС

– Жер казынасын пайдаланууга лицензиялар боюнча төлөмдөрдү эсепке алуу АИС

Бул системалар заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө, министрлик үчүн бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Демилге мамлекеттик органдар, жарандар жана бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнү ачык-айкын, натыйжалуу жана ыңгайлуу форматка өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X