Кызыл-Кыштакта жол, газ жана суу маселелери көтөрүлдү
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундары менен жолугушууларын улантууда. Бул жолу ал Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар коммуналдык, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, кош каржылоо программасынын алкагында коммуналдык көйгөйлөрдү чечүү, социалдык объектилерди куруу, ички жолдорду асфальттоо, эски электр мамыларын жана чубалгыларын жаңылоо, спорт аянтчасын куруу, сугат суу менен камсыздоо жана аймакты газдаштыруу маселелери айтылды.
Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга карата көрүлүп жаткан чаралар боюнча суроолор берилди.
Мэр Жанарбек Акаев тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берди. Мындан тышкары, айрым көйгөйлөрдүн абалы менен жеринен таанышып, аларды чечүү жолдорун кароого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине айтылган маселелерди тыкыр карап чыгып, тез арада чечүүгө мүмкүн болгон көйгөйлөрдү кечиктирбестен аткаруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.