Кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев  ишти активдүүлүк менен  баштады.  Алсак ,  мэр бүгүн таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А. Масалиев көчөсүн кыдырып чыгышкан.  Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан өтүп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгып, аларды баштапкы калыбына келтирүү, чыгып кеткендерди бузуп алып салуу боюнча ыкчам жумуштарды алып баруу тапшырмасын койду. Ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, көп жылдык жана ооруп кургап калган бак-дарактарды алмаштыруу, жашыл аймактарды көбөйтүү, жаңылоо зарылдыгын белгилеген. Мындан сырткары, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев № 6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында болду. Бул жерде заманбап шарттары менен оңдоп түзөө, түнкү жарыктандыруу системасын жаңылоо боюнча сунуш даярдоо талабын койду.

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X