Лейлекте кыш завод мамлекетке кайтарылды

13-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Лейлек районунун Раззаков шаарындагы баасы 226 млн. 44 миң сомдук кыш чыгаруучу заводду ээси өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы аталган завод 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин, заводдо 30% мамлекеттин үлүшү болгон жерлери менен чогуу алынганын билдирди. Маалыматка ылайык, 30 жыл аралыгында заводду менчиктеп алган «АООТ-Исфана» компаниясы мамлекетке эч кандай дивиденд төлөп берген эмес.

«АООТ-Исфана» ишканасынын акционерлери жана анын жетекчиси менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кыш заводу 1,25 га жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.

13-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X