Кыргызстанда атамекендик “Лимон Шоппинг” (“LEMON Shopping”) маркетплейси ачылды.
Маркетплейс түз эфирде сатууну жана социалдык тармакты бириктирген тиркеме болору айтылууда. Анда өндүрүүчүлөр 30 миңден ашык товардын түрүн сатыкка коёру, бул Кыргызстандын ишкерлерин дүйнөлүк рынокко чыгуусуна шарт түзөрү маалымдалды.
“Лимон Шоппингдин” 25-декабрда өткөн ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, ал жергиликтүү ишкерлерге өз бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө, сатууну көбөйтүүгө, кардарлар базасын кеңейтүүгө көмөкчү болоруна үмүт артты.