Ленин районунда «Ыйык Рамазан айы» кайрымдуулук акциясы башталды

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 38

Ленин районунда “Ыйык Рамазан айы” кайрымдуулук акциясы башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ага ылайык, Ленин районунун башчысы жана райондун ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  азык-түлүк, анын ичинен биринчи керектелүүчү азыктарды таркатышты.

«Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Ленин районунун аймагында жашаган көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыдырып, мусулмандардын ыйык Рамазан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчаларын жана балдарга таттууларды тапшырды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, акция ыйык Рамазан айынын аягына чейин уланып, чындап муктаж болгон ар бир адамга жардам көрсөтүлөт.

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X