Ленин районундагы мектеп окуучулары «Манас» аэропортуна экскурсияга барышты

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 33

Ленин райондук мамлекеттик администрациясы «Манас» аэропорту менен биргеликте райондун мектептеринин окуучулары үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна экскурсия уюштурду. Бул тууралуу Шаардык мэрия кабарлайт.

Экскурсия  Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу концепцияны бекитүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жана балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында уюштурулган.

Иш-чарага район башчысы Русланбек Тагаев катышты. Ал эми окуучуларга экскурсияны «Манас» аэропортунун ыкчам башкаруу борборунун жетекчиси Тимур Аскаров өткөрдү.

Балдар эл аралык жана ички каттамдарды каттоо процессин, бажы контролунун ишин, рейстин жүргүнчүлөрүнүн жүктөрүн жөнөтүүнү жана сорттоону көрө алышты.

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X