Маданият министрлигинде жарандардын кайрылуулары текшерилди
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперттик тобу «Адилеттик команда» коомдук уюмунун эксперттери менен биргеликте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибине мониторинг жүргүздү.
Мониторинг учурунда кайрылууларды кароонун сапаты, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы, кайтарым байланыш каналдарынын жеткиликтүүлүгү жана министрликтин жетекчилигинин жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу маселелери каралды. Ошондой эле кайталанган кайрылууларды аныктоо жана талдоо механизмдери текшерилди.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгын чыңдоо, кайрылуулар менен иштөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
Министрлик жарандардын кайрылууларын мыйзам талаптарына ылайык өз убагында, объективдүү жана ар тараптуу кароо, ошондой эле ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маанилүү милдеттердин бири экенин белгилейт. Ар бир кайрылууга өз убагында жана жүйөлүү жооп берүү мамлекеттик органдарга болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, мониторинг Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегиянын жана аны ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга карата иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.