Майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу 11 миң сомго чейин көтөрүлөт

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөкпулдардын, айрым пенсиялардын, кошумча төлөмдөрдүн жана акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Өзгөртүүлөр президенттин тиешелүү жарлыгында каралган. Ага ылайык, майыптыгы бар балдарга берилүүчү ай сайынкы жөлөкпул 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин жогорулайт. Бул төлөм ДЦП менен ооруган жана 18 жашка чейинки башка майыптыгы бар балдарга да тиешелүү.

ВИЧ же СПИД менен жашаган балдарга, ошондой эле ВИЧ же СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү жөлөкпул да 8 миң сомдон 11 миң сомго көбөйөт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул 6 миң сомдон 8 миң сомго, ал эми багуучусунан айрылгандыгы үчүн берилүүчү төлөм 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар үчүн:
I топко — 11 миң сом;
II топко — 9,6 миң сом;
III топко — 8,4 миң сом төлөнөт.
Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулу да жогорулайт. I топтогуларга 8,5 миң, II топтогуларга 6 миң, III топтогуларга 5 миң сом берилет.

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу үстөк акы 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт. Бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алат.

Ал эми 55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок «Баатыр эне» наамындагы аялдарга берилүүчү социалдык жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт.

Бийик тоолуу аймактарда жашаган, пенсия алууга укугу жок улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул да көбөйүп, 2 миң сомдон 3 миң сомго жетет.

Ошондой эле жогорулатуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, интернационалист-жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, реабилитацияланган жарандарга, ардактуу донорлорго жана башка жеңилдиктерге укуктуу жарандарга берилүүчү төлөмдөргө да тиешелүү.

Мисалы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү компенсация 10 миң сомдон 11 миң сомго, интернационалист-жоокерлерге төлөнүүчү каражат 8 миң сомдон 9 миң сомго көбөйөт. Ардактуу донорлордун төлөмү болсо эки эсеге жогорулап, 1 миң сомдон 2 миң сомго жетет.

Угуу жана көрүү жөндөмүнөн майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ай сайынкы компенсациялар да 2 миң сомго чейин көбөйөт. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сом компенсация төлөнөт.

Мындан тышкары, Баткен жана Ош облустарындагы окуялардан, 2002-жылдагы Аксы окуясынан, ошондой эле 2010-жылдын апрель–июнь айларындагы окуялардан жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү төлөмдөр да көбөйөт.
Мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн катардагы жоокерлердин жана матростордун арасындагы майыптыгы бар аскер кызматкерлерине белгиленген минималдуу пенсия 12,3 миң сомду түзөт.

Ал эми I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы 9,5 миң сомго, III топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы 5 миң сомго чейин жеткирилет.

Жогорулатылган төлөмдөрдүн бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 182
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X