Майлуу-Суу шаарында бала бакча мамлекетке кайтарылды

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 27

Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын токтому менен Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 сандуу бала бакча жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгында ал толук канааттандырылган.

Бала бакча жана ага тиешелүү жер тилкеси да мамлекетке кайтарылды.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X