Максат ажы Токтомушевдин сунушу
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максат ажы Токтомушев азыр сөөк коюуда ашыкча ысырапкорчулук болуп жатат деп эсептейт. Ошондуктан ал мал союуга мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштоодо.
Анын айтымында, шарият боюнча кыргыздарда сөөк коюуда мал союуга байланыштуу каада-салт, үрп-адаттар бар. Шарият жаназадан үч күндөн кийин мал союуга уруксат берет. «Бирок кыргыз эли чектен чыгып, ашыкча ысырапкорчулукка жол берүүдө. Ошондуктан президент мындай ысырапкорчулукка каршы чыкты», — деди ал 23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.
Токтомушев мыйзам долбоорунда дин жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мал союуга чектөө киргизүүнү жана ысырапкорчулук деп эсептелген нерселерди аныктоого Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятка мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады.