"Эркин-Тоо"

Максаттын тургундары жаңы документтерди алып жатышат

Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. МККнын калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18и, ошондой эле 38 туулгандыгы жөнүндө жана 6 нике күбөлүгү берилген. Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынган.  Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер Мамлекттик каттоо кызматыннын кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалары белгилүү болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!