Максим Гордеев жарышка бүгүн чыгат

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 42

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы  кыргызстандык лыжачы Максим Гордеевдин Пекиндеги Олимпиада оюндарындагы атаандаштары белгилүү болгонун билдирди.

Максим Гордеев катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы катышат.

Ал эми кыргызстандык спортчу 81-номер менен чыгат.

Белгилей кетсек, Максим Гордеев бүгүн, 16-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 8:15те алгачкы жарышка чыгат, анын экинчи аракети 11:45те болору айтылууда.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X