Мал союучу жайларда жана базарларда видеобайкоо орнотулууда

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 66

Айыл чарба министрлиги 2025-жылдын 11 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында республика боюнча 54 мал союучу жайда жана 5 мал базарда видеобайкоо камералары орнотулду. Ошондой эле Москва районундагы бир ветеринардык-санитардык лаборатория да видеокөзөмөлгө алынды. Учурда мал базарларында жана мал союучу жайларда 23 видеокамера туруктуу иштеп жатат.

Мындан тышкары, кошумча 37 камера орнотуу жана аларды кырдаалдар борборунун системасына кошуу пландалууда.

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X