Малайзиянын жаңы элчиси Медер Абакиров менен жолугушту

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасындагы Малайзиянын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рафедах бинти Абдул Азизди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медер Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык миссиясы кыргыз-малай мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Рафедах бинти Абдул Азиз ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Малайзияга болгон сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана кызматташтыктын келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кыргыз-малай мамилелерин мындан ары ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X