Маматалиев электр жарыгынын өчүрүлүшү дагы эки жылга чейин уланышы мүмкүн экенин билдирди
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыш мезгилинде электр жарыгынын өчүрүлүшү дагы эки жылга чейин уланышы мүмкүн экенин билдирди.
Ал парламенттин жыйынында Энергетика министринин 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалыматын угуу учурунда электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо тармагында акыркы 30 жылда көптөгөн көйгөйлөр топтолгонун айтты.
Маматалиевдин айтымында, энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу үчүн 300 млн сом бөлүнгөн. Кара-Кече жылуулук электр борбору (ЖЭБ), ошондой эле чакан жана ири ГЭСтер эки жыл ичинде курулса, өлкө электр энергиясын импорттоодон баш тартып, аны экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.
«Ага чейин айрым жерлерде жарык өчүп турат. Муну түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деди парламент төрагасы.