Мамлекет башчы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Эскерүүгө Министрлер кабинетинин жана Президенттик администрациянын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров катышты.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X