Жогорку Кеңештин депутаттарынын ант берүү аземинде Президент Садыр Жапаров шайлоо, өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи, коррупция менен болгон күрөш жана башкалар тууралуу сөз кылып, буларга токтолду:
«Депутаттардын көндүм адат болуп келген терс көрүнүшү тууралуу айта кетейин. Министрлер Кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. Маселен, “Менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтөт. Ошентип, натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Эми карап көрүңүздөр, 1 км асфальт басчу жерге канчалаган техникалар тартылат. Канчалаган кум-шагылдар, канчалаган асфальттар алыстан ташылып барат. Ошентип, 1 км жол салуунун наркы 2-3 эсеге кымбат туруп калат. Эң жок дегенде 10 км жол салынса, анда жакын жерге асфальт жана бетон заводун, инерттүү материалдарды өндүрүү үчүн карьерлерди уюштурса болот. Мына ошондо үнөмдөө жагынан мамлекет утабыз. Мамлекеттин акчасын сарамжал, максаттуу пайдаланган болобуз.
Бир километр жолду 2-3 эсе кымбат эмес, жолдорубузду 10 километрден кем эмес,керек болсо 100 километрлеп куруп жүрүп олтуруп, буюрса, келечекте ар бир айылга чейин асфальт жеткиребиз. Мектеп, бала-бакча, спорт залдарды курууда дагы ушундай көрүнүштөр бар эле. Мисалы бир айылда жакшынакай мектеп, бала-бакча, спорт залдары турса деле жанына кошумча имарат салдырып алган айылдар бар. Албетте ошол айылдан чыккан депутаттын же министринин көмөгү менен салынган. Ошол эле маалда кошуна айылдарда эскилиги жетип, балдарды окутууга мүмкүн болбой калган 70-80-жылдарда курулган мектептер турат.
Урматтуу депутаттар, Урматтуу министрлер, мындан ары мындай адилетсиздикке барбай, мамлекеттин каражатын туура жана эффективдүү пайдаланалы. Баарына бирдей карайлы. Баардык айылдарга жетебиз. Чыдап тургула. Жолдорду салабыз. Бүткүл аймактарда социалдык имараттарды жаңылайбыз.
Урматтуу депутаттар, дагы бир маселеге көңүлүңүздөрдү бура кетейин. Буюрса, Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлап, тармактык комитеттерди, фракцияларды түзүп, иш алпарууга киришесиздер. Мына ошол комитет, фракция жыйындарына ар дайым эле министрлер өздөрү келишин талап кылып, чакыра бербешиңиздерди өтүнөр элем. Мен дагы эки жолу депутат болгом, билем эмне үчүн атайылап Министрдин өзүн чакырасыздар. Айтпай эле коёюн ээ бул трибунадан? Албетте, айрым учурларда министрлер өздөрү келиши керек болгон мыйзам долбоорлору болот. Бирок башка учурларда алардын орун басарлары менен иштешсеңер. Анткени мен министрлерди 24 саат бою, керек болсо түн уйкусунан ойготуп алып иштеткен учурларым болот. Күндүз зарыл учурларда чакырып калсам, дайыма эле Жогорку Кеңештемин комитеттин же фракциянын жыйынындамын деп күндө эле ушул жерде жүрүшөт. Министр деген күнү-түнү дебей министрликтин ишин жылдырыш керек. Ошондуктан мындан ары иштин натыйжалуулугу үчүн орун басарлары менен же маселеге тиешелүү адистери менен көбүрөөк иштешсеңиздер.
Мына азыр баарыбыз ийри олтуруп, түз кеңешип, көзмө-көз сүйлөшүп жатабыз. Ошондуктан министрлерге да кулак кагыш кыла кетейин, эл тарабынан тандалып келген Парламент менен дагы сый мамиледе болуңуздар.
Урматтуу депутаттар, мынакей эми жаңы шайлоо да болду, шайлоонун эртеси да болду. Кечээги өткөн шайлоодо дагы бир катар кемчиликтер оркоюп чыгып калды. Адегенде эле шайлоого элдин катышуу санын алалы. Биз шайлоону ачык-айкын, электрондук добуш берүү, аралыктан шайлатуу сыяктуу шарттарды түзүп бергенибизге карабастан, шайлоого келген элдин саны аз болду. Албетте, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди. Бирок биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет, 70%га чыгат деген үмүтүбүз, болжолубуз бар эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан балким, милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын издейбизби, айтор, эл-журтубуздун шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралууда. Себеби, добушун саткандар шайлоого сөзсүз катышат экен да, калган жарандарыбыз кайдыгерликтен уламбы же шайлоо маданиятын жеткире албай жатабызбы, иши кылып аз катышып жатышат. Мындай жагдайларды араңыздардан өзүнүздөр да айтып жатасыздар.
Урматтуу эл өкүлдөрү, бул маселени жон териңиздер менен өткөргөн эл өкүлдөрү катары мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрсөңүздөр. Маселен, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө шайлоого катышуу жарандарына мыйзам чегинде милдеттендирилген. Анын негизинде шайлоого катышуу рейтинги жогорулагандан кийин гана ал мыйзамдардын зарылчылыгы болбой калган, мисалы Түркияда ошондой болгон экен. Мындай мыйзам Сингапурда азыр дагы иштеп турат. Аларда ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү. Эгер жаран шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат экен. Биз ар дайым эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларга таянышыбыз керек. Аларды биздин элдин менталитетине ылайык келтирүү менен пайдалануубуз зарыл.
Урматтуу эл өкүлдөрү!
Эң башкысы саясий коррупция ушул жаңы система менен тыйылды десек болот. Коррупция демекчи, биз ага каршы аёосуз күрөшүп келебиз. Мындан ары бул күрөштү бирге уланталы. Эгерде сиздерде өнүгүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан бул илдет боюнча маалыматыңыздар болсо ачык эле айтып туруңуздар. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн деңгээлинде коррупциялык жат көрүнүштөрдү жок кылдык. Бирок, тилекке каршы, ылдый жакта, акимчиликтерде, мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө бул илдеттен арыла албай келе жаткандыгы өкүндүрөт. Токмок, Кара-Балта шаар мэрлеринин иш-аракеттери буга мисал.
Дагы бир факты. Новопавловка айыл өкмөтүндө бир эле паркты кайра-кайра жасадык деп 3 жыл катары менен отчётто көрсөтүптакчасын жеп жүрүшкөн. Бирок парк жасалган эмес. Мындан ары мындай коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланышат.
Урматтуу эл өкүлдөрү!
Жогорудагы өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көрүнүштүн баарынын тамыры барып эле ошол парламенттик шайлоолордун таза өтпөгөнүнө, коррупциялык, тааныш билиштик менен кызматка келүү деген жат көрүнүштөргө барып такалчу эле. Келиңиздер, эми мунун баарын артка таштайлы. Мындан ары өлкөбүздөгү саясий маданиятты жогорулатууга, өркүндөтүүгө багыт алалы. “Саясий оюн” дегенди токтотуп, мамлекетибизди алдыга жылдырууга, өнүктүрүүгө ар бирибиз салым кошолу. Сиздер менен биз баштап берсек, элибиз бизди ээрчийт, саясий маданият акырындап эл арасына сиңет. Бара-бара эл дагы добуштарын арзыбаган акчага, болбогон чай-пайга сатпай, өзүнүн, балдарынын, Ата Мекенинин келечегин ойлоп, “жети өлчөп, бир кесип” депутаттыкка кимдер татыктуу экенин талдап, тандап, анан шайлай баштайт.
Өткөндө чет өлкөлөрдөн келишкен эл аралык байкоочулар менен жолугушканымда келечекте добуш берүүнү онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш берүү жагын ишке ашырууга аракет кылабыз деген сөздү айткан элем. Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай. Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео-материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле. Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай.
Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели.
Урматтуу депутаттар!
Мындан ары бийлик бутактары, баарыбыз “бир жеңден кол – бир жакадан баш чыгарып” иштейли. Өнүгүү жолуна түшкөн, жаңы Кыргызстанды куруу мезгилин, тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Эң башкысы, мүнөт сайын дүйнө өзгөрүп жаткан маалда санариптештирүүнүн аркасында алдыңкы мамлекеттер менен катарлаш жүрүү үчүн өлкөнү өнүктүрөлү деген изги тилек менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бир максатты көздөйлү.
Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциалыбыз бар. Муну элибиз көрүп-билип, ой-пикирлерин сунуштап, айтып да келе жатышат. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн ири долбоорлорду баштадык. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура, өз максатында, өз учурунда пайдаланып калалы.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз ушу тапта экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп турабыз. Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз. Көрүнүп тургандай, бул жерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына коркунуч келе турган эч нерсе жок. Тышкы карыздарыбызды керек болсо бир күндө төлөп салсак болот. Бул үчүн каражаттарыбыз жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты. Келишимдерде убагынан эрте төлөсөк үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен. Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок, ошончо суммада төлөп кете беребиз.
Ошентип, 2035-жылдарга барып илгертен бери алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз. Беш жыл мурда эле тышкы карыздан кутулуш үчүн шакек, иймектерибизди чогулталы деп жүргөн кезибиз эсиңиздерде болсо керек?
Өлкөбүздүн алтын валюта запасы үстүбүздөгү жылы 8 жарым миллиард долларды түздү. Эске сала кетсем, 2020-жылы Кыргызстандын алтын валюта запасы болгону 2 миллиард доллардан бир аз ашык болчу. Азыр сегиз жарым миллиард доллар болду. Кыска убакыттын ичинде 6 миллиарддан ашык долларга көбөйтө алдык.
Өлкөнүн тышкы саясаттагы мамилелерин жогорку деңгээлге чыгардык. Ар кимибиз Баш мыйзамда белгиленген милдеттерибизди так аткарсак эле элдин үмүт-тилегин, ишеничин актайбыз.
Сиздер мыйзам долбоорлорун комитеттерден жакшылап бышырып, кынтыксыз иштеп чыгуу менен алектенсеңиздер. Биз ошол кынтыксыз жазылган мыйзамдарды так аткаруунун аракетин көрөлү.
Сот бийлиги адилеттүүлүктүн орношуна, калыстыктын өкүм сүрүшүнө умтулсун. Мына ошондо ийгиликтерди жаратабыз, эл-журтубуз күткөн натыйжаларды алып келебиз, өлкөбүздү алдыга жылдырабыз.
Биз депутаттардын ишмердигинин натыйжалуулугу үчүн мына ушул силер олтурган имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук. Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан квартираларды беребиз. Кыскасы өлкөбүздү өнүктүрүүдө Парламенттин ишинин маанилүүлүгүн эске алып, бардык шарттарды түзүп бергенге аракеттендик. Эми жаңы дем, жаңы-күч менен мамлекетибизди алдыга жылдырууга ак ниет иштеп, жардам бериңиздер. Эми элге берген убадаларыңыздарды ишке ашырууда сиздерди ийгиликтер жылоолосун! 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жолу байсалдуу болсун!
Сөзүмдүн соңунда Жогорку Кеңешке шайланып келишиңиздер менен дагы бир жолу куттуктаймын !
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!».

