"Эркин-Тоо"

Мамлекет полиэтиленден экологиялык жактан таза кагазга өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу “ИФА” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасына ылайык, айланачөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү Министрлер Кабинети этап-этабы менен жүргүзөөрүн билдирди.

“Экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган ишканаларга мамлекет ар тараптуу артыкчылык берет. Бул Мамлекет башчысынын тапшырмасы. Бул багытта Президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы дагы чыккан. Ысык-Көлдөгү абалды мисал катары колдонуу менен өлкөнүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүүнү планга койгон” деди Бакыт Төрөбаев.

Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу “ИФА” ишканасы суткасына 25 тонна продукция өндүрөт. Импорттук продукция менен атаандашууга мүмкүндүк берүүчү жогорку сапаттагы кагаз базасын чыгарган ишкана макулатуранын 70%ын Россия Федерациясынан алып келет. Бир жылдык сатып алууларынын суммасы болжол менен 1 млн долларга жакын.

Бул долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 3 млн 200 миң доллар болсо, анын 2 млн 691 миң долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаган.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!