«Мамлекеттик брокердик компания» акционерлердин кезексиз жыйынын өткөрөт

10-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

«Мамлекеттик брокердик компания» ААК 2025-жылдын 30-декабрында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Жыйын Бишкек шаарындагы Москва көчөсү №172 дарегинде саат 10:00дө башталат.

Компаниянын маалыматына караганда, жыйналышка катышууга укуктуу акционерлердин тизмеси 15-декабрда түзүлөт. Каттоо 30-декабрда саат 9:00дө башталат.

Маалыматка ылайык, акционерлер жыйынга даярдыкка байланыштуу материалдар менен ошол эле даректеги (тел. +966 555 954797) компаниянын кеңсесинде тааныша алышат. Ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн акционерлердин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каты болууга тийиш.

10-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X