Мамлекеттик бюджетке 10,8 млн сом зыян келтирген кызматкерлер кармалды
Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С. мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери өз ара келишимдешип, Г.П.С. ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече ирет колдогону аныкталды.
УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектини жасалма түрдө ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.
Маалыматка ылайык, иш жүзүндө мектептин жер төлөөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес. Мындан тышкары, мектептин айланасын жашылдандыруу, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери дагы аягына чыгарылган эмес.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С., «Г.П.С.» ЖЧКнын башкы директору Т.Г.Т. жана КР Мамкурулуш Турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж. кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Ушундай эле текшерүү иш-чаралары мамлекеттин бюджетинен, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүүдө.
21-февраль, 2022-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Кылмыш