Мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу боюнча үч кызмат иштейт
Мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу боюнча үч кызмат иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу боюнча «Санарип-баймат», «Инфодокс» жана «Е-кызмат» деген үч кызмат ишке кирген. Аталган кызматтарга кошулуу 96%ды түзгөн.
Ошондой эле, 2 миң 130 айыл аймактын 2 миң 81и 3G интернет менен, ал эми 2049 айыл 4G интернет менен камсыз болгон.