Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөнүн Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушууга ата мекендик өндүрүштүн, дыйкан-фермердик чарбалардын, кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара суроо-жооп иретинде өтүп, негизги тема – ата мекендик товарларды өндүрүүчүлөр жана фермерлер үчүн салыктык башкарууну жакшыртуу маселеси болду. Бул жааттагы айрым көйгөйлөрдү жоюуну эртелетүү зарылдыгын дыйкан, фермелер белгилешти.
Салык кызматынын жетекчиси электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууну жөнөкөйлөтүү, бул системаны реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. Алдыда айрым субъекттер ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат. Алардын арасына айыл чарба өндүрүүчүлөрү дагы кирет. ЭТТК – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу жана ташып бараткан транспорт каражаты тууралуу маалыматты камтыган электрондук документ. “ЭТТКны жокко чыгаруу жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Электрондук коштомо кагаз – дүйнө жүзү боюнча кабыл алынган. Бул жерде системаны жөнөкөйлөтүү жөнүндө гана сөз болуп жатат. Учурда Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча биз ЭТТКнын механизмине кылдат талдоо жүргүзөбүз жана аны ири товарлар үчүн гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Бул абдан туура нерсе. Агроөнөр жай комплекси мамлекет үчүн артыкчылыктуу тармак. Бизнес дагы, мамлекет дагы кемсингендей абалда калбашы үчүн адилеттүүлүк чекитин табуу керек» деди А.Шыкмаматов.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана тигүү тармагынын өкүлдөрү электрондук документ берүүдөн бошотулат. Бул жаатта аракеттер башталып, документтерди оңдоо-толуктоо иштери аткарылган соң электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы товардын бардык түрүнө эмес, айрым гана товарларга киргизилиши керектиги белгиленүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы