Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 65 долбоору ишке ашууда

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели 90дон ашуун долбоорду камтып, жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 434 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, учурда 65 долбоор активдүү ишке ашырылууда. Өткөн 2025-жылы жылы транспорт, логистика, айыл чарба, экология, туризм, билим берүү жана коммуникация тармактарында 14 жаңы МЖӨ макулдашуусуна кол коюлуп, экономикага 3,9 миллиард АКШ долларынан ашык жеке инвестиция тартылган.

Айрыкча 2025-жылы кол коюлган ири долбоорлордун арасында «Төө-Ашуу» ашуусунда «Келечек» альтернативдүү тоннелин куруу, Бишкек шаарынын чыгыш айланма автоунаа жолу, ошондой эле Кара-Суу шаарындагы соода-логистикалык борбор долбоорлору бар.

Мындан тышкары, аймактарда социалдык жана инфраструктуралык багыттагы МЖӨ долбоорлору ишке берилип, Ош шаарында спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекс, инновациялык борбор жана медициналык мекемеде МРТ борбору ачылган.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X