«Манас» аэропортунда каттамдар кармалууда

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн, 21-январда, эртең менен аба ырайынын татаал шарттарына байланыштуу авиакаттамдар кармалууда.

Аэропорттун берген маалыматына караганда, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кечигүүдө:

  • Анталия;
  • Казань;
  • Шарм-эль-Шейх.

Аэропорттун аймагында көрүү мүмкүнчүлүгү мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдар кармалышы мүмкүн.

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X