«Манас» аэропортунда улуттук стилдеги мечит курулат

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117

«Манас» эл аралык аэропортунда 2 миңден ашык адам бата турган мечит куруу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, мечит заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө стилде курулат. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт.

Курулуш жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Мечиттин курулушун 2026-жылдын аягында баштап, 2027-жылдын соңуна чейин бүтүрүү пландалууда.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 117
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X