«Манас айылы» комплексинин жери боюнча Президенттин иш башкармалыгы билдирүү жасады

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 45

«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча Президенттин иш башкармалыгы билдирүү жасады.

«Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары, келечекте «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда», — деп жазылат билдирүүдө.

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X