“Манас” эл аралык аэропортуна 46 жыл болду
Ушул жылдын май айында Кыргызстандын башкы аба дарбазасы — “Манас” эл аралык аэропортуна 46 жыл болду. Эске салсак аэропорттун учуу тарыхы 1975-жылы 4-майда башталып, алгач Москва «Домодедово» — Фрунзе «Манас» багыты боюнча №613-614 үзгүлтүксүз каттам ачылган. Аэропортко “Манас” эпосундагы айкөл Манас баатырдын аты ыйгарылган. Бул демилгени дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов көтөрүп чыккан.