Манас шаары: Курулуш ишинде мыйзам бузуу аныкталды
Манас шаарындагы “МилДом” ЖЧКсы курулушка зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди толук албай туруп курулуш иштерин жүргүзүп жаткан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган ишке байланыштуу Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, курулуш иштери убактылуу токтотулду. Мындан улам компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле курулуш эрежелерин жана коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгы эскертилди.