"Эркин-Тоо"

Марат Исаков, КРнын ардактуу куруучусу: “Жомок чындыкка айланууда”

— Марат байке, эгемен Кыргызстандын тарыхында темир жол курулушун жандандыруу үчүн биринчилерден болуп уюшулган мамлекеттик дирекциянын алгачкы жетекчиси катары бир топ жумуштарды аткардыңыз. Өлкөдө темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын авторлорунун бирисиз. Өткөн жылдын соңунда Президент Садыр Жапаров кошуна мамлекеттердин тиешелүү жетекчилеринин катышуусунда эл аралык масштабдагы ири долбоор – «Кытай – Кыргызстан – Өзбек-стан» темир жолунун курулушуна старт берди. Бул долбоор сиздер иштеп чыккан концепцияга дал келеби?

— 1994-жылы 1-августта Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун баштоо максатында ошол учурдагы Президенттин Жарлыгы менен “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” мамлекеттик дирекциясы уюшулган болчу.  Чынында биз ишти нөлдөн баштаганбыз. Бизде темир жол адистери жок экен. Буга чейин мындай ири долбоор менен алектенген долбоор жасоочу илимий мекемелер, өндүрүштүк ишканалар болгон эмес. Мамлекеттен талаптагыдай каражат бөлүнбөсө дагы, өзүбүздүн демилге менен Орто Азияда гана эмес эл аралык деңгээлде аброю бар “Казакжелдорпроект” институту менен кызматташып, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун долбоорун даярдап, илимпоздорду тартып темир жолду өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкканбыз. Анткени, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече долбоору экономикалык жактан көп деле маселени чечпейт эле. Темир жолдун курулушунун актуалдуулугун арттыруу үчүн  өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктириш керек деген чечимге келгенибизде, ошол учурда “жомокту айтпагылачы” дегендер болгон. Көпчүлүгү ишенишкен эмес. Темир жолунун курулушуна  мамлекеттик ишмерлер каршы чыккан керек болсо. Мына эми жомок чындыкка айланууда. Ушундай масштабдуу ишти баштаганга салым кошконубузга азыр сыймыктанып турам. Түндүк-түштүк темир жолун курууда кошуна өлкөлөр менен байланыш түзүлбөсө,  долбоордун келечеги болбой каларын түшүнүп, Торугарт аркылуу Кытайга, бул жагы Өзбекстан аркылуу Европага чыгуу каралган.  Мына ушул концепцияга Президент Садыр Жапаров артыкчылык бергени бизди кубандырбай койбойт.  Сиздердин гезит аркылуу Садыр Нургожоевич Жапаровго терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Анткени, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу жөнүндө дээрлик 30 жылдан бери сөз болуп келгени менен, буга чейинки өлкөнү башкарган жетекчилердин ушул долбоорду ишке ашырууга эрки жетпей келген болчу.

— Эми аталган темир жолдун артыкчылыгына токтолуп өтсөңүз…

— Темир жол курулушуна байланыштуу өз учурунда анын тарых-таржымалын окууга туура келди. Илим жакта дегендер болду. Темир жолдун Кыргызстанга келишине Юсуп                      Абдрахмановдун салымы чоң болгонун байкадым. Биздин республикабызды аралап өткөн темир жолдун Кемин аркылуу Казакстанга чыгып кетишине көп аракет кылыптыр. Бирок, өзүңөр билгендей, Ю.Абдрахманов репрессияга туш болуп, ал демилгеси ишке ашпай калды. Орто жолдо Кыргызстан тоолордун арасында, транспорт жолу татаал буктурмада калган өлкө катары кала берген. Президент Садыр Жапаров                       Ю.Абдрахмановдун демилгесин аягына чыгарарына дагы ишенем. Анткени, бул дагы максаттуу долбоор десем болот. Анан эми «Кытай – Кыргызстан –  Өзбекстан» темир жолунун маршрутун тандоодо канчалаган талаш-тартыштар болуп келгенин айта кетейин. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгын көздөйт да. Ири державалар үстөмдүгүн жүргүзгөн учурлар болгон. Кыргызстан аркылуу темир жолдун өтүшүн жактырбаган тараптар дагы жок эмес эле. Өзбек туугандардын тилине кирип, темир жол Өзгөн аркылуу өтсүн деген сунушка макул болуп, кол койгон Өкмөт башчыларын көргөнбүз. Президент Садыр Жапаров Өлкө башчылыгына келген күндөн темир жолдун курулушуна өзгөчө маани берип келди. Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келген  маршрутту тандоодо баарынын тилин таба билди. Президентибиз жактаган вариант боюнча Кытайдан Парижге чейинки темир жолдун узактыгы 1000 чакырымга кыскарат. Европадагы темир жолдун боюндагы 18 мамлекет ушул долбоорго кызыкдар болуп келген. Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгүнүн негизинде ишке ашырыла турган темир жол экономикабыздын кан тамыры болот. Бул кылымдын курулушу. Өлкөбүздү транспорттук туңгуюктан чыгара турган ири долбоор.

 

                                                                                                                       Шекербек Калыков

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!