Марлен Маматалиев: “Долларды унутуп, толугу менен сомго өтүшүбүз керек”

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев:

Тоскоолдуктарды тоготпой…

Шайлоо өнөктүгүндө алдыга койгон максаттарыбыздын иш жүзүнө ашуусуна болгон күчүбүздү, билимибизди жумшап келебиз. Ошол учурда эле 7 мыйзамдын алкагында иш жүргүзөбүз деп максат койгон элек. Буюрса, ошол  мыйзам долбоорлорун коомдук угууга алып чыкканы жатабыз. Бүгүнкү күндө билимдүү, профессионал жаштар менен тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген тогуз депутат элдин өкүлү болуп отурабыз. Ар бирибиздин өз багытыбыздагы иштерди, милдеттерди так аткаруу жоопкерчилиги мойнубузда. Жалаң эле бизнесмендер эмес ар тараптуу кесипкөй адистер чогулгандыктан, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда кыйынчылыктар деле болбойт.

Министрлер кабинети менен эл өкүлдөрү биргеликте иш алып барганда гана карапайым калк каалап жаткан ийгиликтерге жетишээрибизди мезгил көрсөтүп жатат. Биз ушундай нукка түшүп келатабыз. Министрлер кабинетинин жетекчиси, мыкты экономист, финансист Акылбек Жапаровдун экономиканын өнүгүшү жана дүйнөлүк кырдаалдан улам кризистен өлкөнү алып чыгышы үчүн бардыгыбыз ар тараптуу колдоп, жардам беришибиз керек.

“Мүмкүнчүлүк терезеси”

Кандай гана кризис болбосун андан чыгуунун өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү болот. Орусча айтканда “окно возможности”, кыргызча “мүмкүнчүлүк терезеси”. Мына ошол “мүмкүнчүлүк терезелерин” биз толугу менен колдонушубуз керек. Мен бул маселенин үстүндө күндүр-түндүр ойлоном. Азыркы учурда канчалаган европалык товар өндүрүүчүлөрдүн товарлары Орусияга кире албай калышты. Биринчи кезекте ошол товарларды биз аркылуу киргендей кылып реэкспортту өнүктүрүшүбүз абзел. Экинчиден, ошол жакта мурдагы товарлар чыгып, кирбей калгандардын канчасын биз камсыз кыла алабыз деген реестрин жүргүзүшүбүз керек. Буга мисал катары Таш-Көмүр шаарындагы атайын жарым өткөргүч (полупроводник) заводун ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул мүмкүнчүлүктү ошол эле орустар менен ишке ашырса болот. Анткени, Европага жол жабылып, Кытайдан ала турган болушту. Европа ошол эле учурда Кытайды да санкциялар менен коркутуп, кыр көрсөтүп турган чагы. Ушу тапта учурдан пайдаланып ушуга окшогон советтик доордон калган завод-фабрикаларды ишке киргизгенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Орустарды ар тараптуу  инвестор кылып тартсак, кризистен чыгуу жолдору жеңилдейт эле. Эң эле жөнөкөй суу потенциалынын азыркы күндө толук кандуу пайдаланылбай келиши да бир топ ойлондурат. Негизинен, ишке ашыра турган маселелер арбын. Жакшы ойлонсок, байып кетүүчү багыттар да көрүнүп турат. Европадагы болуп жаткан кырдаалдан улам көпчүлүк нефтиден энергетикага өтөт.

Сомдун кадырын көтөрүүгө убакыт келди

Азыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу ички рынокто долларды унутуп, толугу менен сомго өтүшүбүз керек. Ошондо долларга болгон көз карандылык азаят. Соодагерлердин да бааларды негизсиз көтөрүп жиберген адаттары калат эле. Доллардын баасы көтөрүлсө эле жарым жыл мурда алган товарларынын бааларын да көтөрүп, элди жөнү жок дүрбөлөңгө салып жатышкандары өкүндүрөт. Мындай жагдайда аларга айып, пул салуу жазасын көбөйтүүнү  сунуштап келем. Ооба, мыйзамда 17миң сом айып пул каралган. Менимче, бул өтө эле аз. Биз бул сумманы бир миллион сомго көтөрүүнү суранып жатабыз. Министрлер кабинети сунушту колдойт деп ишенем. Себеби, бул бир эле учур эмес, пандемия маалында да айрым соода түйүндөрү, базарлар социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатып сатышып, элди дүрбөлөңгө салышкан. Ошондуктан алар арзан алып, кымбат сатып пайда көрүүнү эле көздөбөстөн,  жоопкерчиликти дагы сезе билиши керек. Атайын баса белгилеп айта кетчү маселе экспорт, импортторго эле долларды керектеп, калган учурда мыйзамдын негизинде сомубузду күчтөндүрсөк, учурдагы кырдаалдан жеңил чыгат элек. Ошондой эле ички накталай эмес төлөмдөргө өтүшүбүз керек. Ал үчүн “Элкарт” деген улуттук программабыз бар. Ошол программабызды күчөтүп, санариптештирип, келечекте мобилдик телефон аркылуу бардык төлөмдөрдү жүргүзсөк, көп көйгөйлөр чечилип калат эле.

Бүгүнкү күндө заманбап технологияларды колдонуу менен алдыга умтулууга убакыт келмек тургай өтүп баратат. Көмүскө экономиканы теске сала турган кассалык аппараттар, санариптештирүү, доллар жана башка маселелердин бардыгын мобилдик тиркеме кылып, QR код менен эсептеп, төлөй тургандай болуш керек. Керек болсо бири-бирибизге акча бергенди дагы QR код аркылуу иш жүзүнө ашырсак, иштерибиз алдыга жылат деп ишенем.

Келечекке көрүлгөн камкордук

Президентибиз Садыр Жапаровдун ашыкча ысырапкерчиликке багытталган Жарлыгы дагы бүгүнкү күндөгү кризистен чыгуу үчүн жасалган алгачкы кадамдарынын бири. Бул эң туура, өз учурунда көтөрүлгөн маселе. Өзгөчө жамандыкта колунда барлар 2-3 бодо мал союшса, колунда жоктор аларга теңелем дешип карызга батып кеткен учурлар өтө эле көп. Анан ошол карыздан кутулуу үчүн жашы жете элек балдарынан тартып Россияда же башка сырт жактарда иштеп, азап-тозокторду көрүп жүрүшөт. Бул шариятка дагы туура келбейт. Бирок, бул маселени шартыбызга тууралап мыйзамдаштырып койсок, коом бат эле көнүп кетмек. Ошол эле учурда кыз узатуу, үлпөт тою дагы атаандаштыкты күчөткөндөй таасир калтырат. 300-400 кишиге чачылып той өткөрүшкөндөн кийин эле эки жаш ээрчишип Россия, Турция өлкөлөрүнө мигрант болуп кетип жатканын көрүп-билип эле жатабыз. Мындай ойлонулбай жасалган чыгымдарга эртедир-кечтир чекит коюлушу керек. Мен бул кадамды келечекке көрүлгөн камкордук деп эле түшүндүрөт элем. Уят деп устукан тарткан убак эчак өткөнүн унутпашыбыз керек.

Мектептик автобус

Буюрса, шаардык кеңештеги командабыз менен биргеликте кыска убакытта ишке ашыруучу долбоор болуп эсте калат. Ага чейин мектеп окуучуларына болгон жол кирени он сомго түшүрүү маселеси көтөрүлгөн эле. Коомдук транспорт менен мектепке барып келүүчү көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо болмок. Бул маселе да актуалдуу. Ошондой эле, мектеп окуучуларын мектепке, үйгө бекер ташый турган “Мектептик автобус” пилоттук долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Отуздай автобустун жардамы менен Бишкек шаарында иш жүзүнө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Калаа башчыларынын бат-баттан алмашуусу гана убакытты создуктурууда.

Алтын – туруктуу валюта

Кандай гана экономикалык кризис болбосун, акчаны алтын менен сактоо эң туруктуу кадам. Муну Президентибиздин жөнөкөй тилде эң түшүнүктүү кылып элге кеңеш берүүсүн мен биринчи кезекте адамкерчиликтүүлүк, атадай камкордук деп кабыл алдым. Илгертен колунда барлар акчасын алтын менен чет өлкөлүк банктардын ячейкаларында сактап келген. Бүгүн болсо андай мүмкүнчүлүк ар бирибизде бар экендиги баса белгиленди. Мен да мүмкүнчүлүк болоор менен алтын сатып алам. Башкаларга да кеңеш берем. Негизинен мүмкүнчүлүккө жараша той-топурларда алтын менен алыш-бериш кылуу маселесин да колдойм. Бир килограмм алтындын баасы 60 миң доллардын тегерегинде болсо, жүз граммы 600 доллар болуп калат. 20, 30, 50 грамм деп кошумча алып барганга өтсөк деле жакшы. Той ээси да алтындуу болуп калат.

Атам жөнүндө

«Атадан артык уул десе, уялбайсызбы» деп көп сурашат. Албетте, атам менен үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрү сыймыктанабыз. Мен атамды кумир тутам. Менин жетишкендигим – атамдын жетишкендиги. Менин калыптанышыма ата-энемдин мага берген тарбиясы, таалими, билимге жетелегени, патриоттулукка үндөгөнү зор роль ойноду. Мен аларга өмүрүм өткүчө карызмын. Учурда мен дагы төрт кыз, бир уулдун атасымын. Атамдай ата болгонго күн эмес мүнөт сайын аракет кылам, ойлоном. Мени да учурунда ата-энем ушинтип санааркап, жан үрөп өстүргөнүн бүгүн жон-терим менен сезип келем. Кыздар табиятынан назик жандар болот эмеспи. Кыздарымдын көңүлүн оорутпаш үчүн кадимкидей изденем, сөз тандайм.

Кыскасы менин астымда шайлоочуларымдын үндөрүн Жогорку Кеңеште гана көтөрүп чыгуу эмес, татыктуу уул, ата, күйөө бала, дос, кесиптеш деген жоопкерчиликтер бар. Бардыгына колумдан келишинче сый көрсөтүп жүрөм. Кичинемден бирге жүргөн жана кийин тапкан досторумду да унутта калтырбайм. Себеби, бүгүнкү Марленге алардын да кандайдыр бир деңгээлде тийгизген таасирлери, колдоолору дем-күч берет.

№33 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 12-апрели
Разия Жоошбаева

13-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X